• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Куткаруучулар Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгүн табышты

Кырсык 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Куткаруучулар Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1966-жылы туулган Б.А. аттуу жаран Кант шаарындагы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. 10-июлда 9 куткаруучу издөө иштерин улантып, Аламүдүн районунун Лебединовка айылынан агып өткөн Чоң Чүй каналынын тосмосунда сөөктүн калкып жатканын экскаваторщик көрүп калган. Жерине маркумдун өздүгүн тактоо үчүн туугандары барышып, К.Б.А. экендигин тастыкташкан.

Пикир

Оставить комментарий