• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Куткаруучулар Чоң Чүй каналында алты жашар баланы издөө иштерин улантууда (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Куткаруучулар Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 6 жаштагы баланы издөө иштерин улантууда, - деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 13-июлда Чоң Чүй каналына 2012-жылкы П.М., аттуу бала чөгүп кеткен. Ошол убакыттан бери издөө иштери уланууда.

“Бүгүн, 17-июлда издөө иштерин жүргүзүү үчүн бардыгы болуп атайын 26 куткаруучу жана суучулдар тартылган”, - деп билдиришти ӨКМ кызматынан.

(сүрөт: Фучик көчөсү, көпүрө)

Пикир

Оставить комментарий