• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Куткаруучулар каналга түшүп кеткен жаш жигитти куткарып калышты

Кырсык 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Куткаруучулар каналга түшүп кеткен жаш жигитти куткарып калышты, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июлда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 100-чакырымында 1991-жылкы жигит уюн каналдан чыгарам деп өзү түшүп кеткен. Жерине 8 куткаруучу барып, сууга түшкөн жаранды куткарып калышкан.

Жабырлануучу Кемин районундук ооруканасына жеткирилген, учурда абалы канаттандырарлык.

Пикир

Оставить комментарий