• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Куткаруучулар Кара-Балта шаарындагы батирлердин биринен эркек кишинин сөөгүн табышты

Кырсык 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын Новый-Западный кварталында жайгашкан батирдин биринен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар батирдин бекилип калган эшигин ачык беришкен.

"Батирдин ичинен 1949-ыжыл туулган К.Г. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Бекилип калган эшикти ачууга Жайыл райондук №22 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий