• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Куткаруучулар Кегети капчыгайынан кореялык туристтин сөөгүн түшүрүштү

Кырсык 0

Бишкек, 04.12.21. /Кабар/. Чүй районундагы Кегети капчыгайында жайгашкан бийик тоолуу Көл-Төр көлүнө чыккан Түштүк Кореянын жараны каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучуларга саат 13:22лер чамасында 70 жаштагы кореялык турист белгисиз себептерден улам эс-учун жоготуп койгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, сөөктү түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий