• 80.18
  • 77.5
  • 1.37

Куткаруучулар Нарын дарыясынан 17 жаштагы өспүрүмдү издөөдө

487 кароо Аймак 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Куткаруучулар Нарын дарыясынан 17 жаштагы өспүрүмдү издөөдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 14-июнда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында Нарын дарыясына 2003-жылы туулган бала түшүп кеткен.

15-июнь күнү куткаруучулар издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Бүгүн, 16-июнда издөө иштери улантылат. Ага 15 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий