• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Куткаруучулар сууга чөгүп кеткен жети жашар эки жеткинчекти издөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары сууга чөгүп кеткен жети жашар эки жеткинчекти издөөдө.

Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Теңдик айылынан өткөн Чу дарыясына 7 жашар бала чөгүп кеткен. Окуя 7-августта катталган. Издөө иштерине 11 куткаруучу тартылган. Азырынча натыйжа жок, издөө иштери бүгүн улантылат.

Ошондой эле Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы каналдардын бирине 2013-жылы туулган бала чөгүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган, издөө иштери бүгүн уланат.

Андан тышкары, Ош облусунун Озгур айылындагы Южный каналына 1994-жылы туулган бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат 5-август күнү түшкөн. Издөө иштеринен азырынча натыйжа боло элек.

Пикир

Оставить комментарий