• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кутманалы Султанбеков дүйнөлүк мыкты темир ооз комузчулардын катарына кирди

Маданият 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Кыргызстандык Кутманалы Султанбеков тогуз дүйнөлүк мыкты виртуоз темир ооз комузчусунун катарына кирди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 17-июнда Якутск шаарында “Дүйнөнүн мыкты виртуоз темир ооз комузчусу” III Эл аралык сынагы өтүп, анда тогуз мыкты аткаруучу аныкталды. Мыкты виртуоз аткаруучулардын арасына Кыргызстандан барган Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин ага окутуучусу Кутманалы Султанбеков кирди.

Маалыматка ылайык, ал Германиянын темир ооз комузчулар ассоциациясынын президентинин чакыруусу менен барган.

Дүйнөлүк виртуоз наамы үчүн 9 өлкөдөн жана 11 аймактан жалпысынан 38 катышуучу ат салышты. Эл аралык калыстар тобунун чечими менен Индия, Кыргызстан, Япония, Тыва, Австрия, Кытай жана Якутиядан 3 өкүл мыкты виртуоз аткаруучу болуп аныкталды.

Жеңүүчүлөргө күмүш медалдар, ошондой эле ар бирине 50 миң рубль акчалай сыйлык ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий