• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Куттуктайбыз! Бишкек шаарына 141 жыл

Коом 0

Бишкек, 29.04.19. /Кабар/. Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарына 141 жыл толду. Шаар күнүнө карата мэрия бир катар майрамдык программа даярдады.

Ар түрдүү маданий-спорттук иш-чаралар калаа боюнча 19-апрелде эле башталган. Бүгүн «Ала-Тоо» аянтында майрамга карата концерт өтөт. Ага чет өлкөлүк эстрада чеберлери – орусиялык ырчы Согдиана жана өзбекстандык «Ялла» тобу катышат. Аларды жергиликтүү өнөрпоздор – «Инсан», «Элес» топтору, Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков жана оркестр коштойт. Майрамдын аягында алты мүнөткө созулган фейерверк атылат.

Бүгүн саат 16:00дөн кийин «Ала-Тоо» аянтында Чүй саябаны Эркиндик гүлбагынан Панфилов көчөсүнө чейин жабылат.

Пикир

Оставить комментарий