• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Куттуктайбыз! Мээрим Жуманазарова Дүйнө кубогунда алтын медаль утту

Спорт 0


Бишкек, 17.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль утту. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өтүүдө.

Кыргызстандык спортчу 68 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышууда. Жуманазарова алгачкы кармашуусунда белорусиялык Ханна Садчанканы 4:1 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда Жуманазарова украиналык Алина Стадник менен кармашкан. Беттеш 6:6 эсебинде аяктап, акыркы упайды Жуманазарова алгандыгы үчүн финалга чыккан.

Финалда мекендешибиз чехиялык Адела Ганзличкованы 8:2 эсебинде жеңип, чемпион аталды.

Эскерте кетсек, кыргызстандык балбан Жоломан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль утса, кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынды.

Ал эми Калы Сулайманов 63 кг, Руслан Царев 72 кг жана Айпери Медет кызы 76 кг салмакта коло медалдын ээси болушкан.

Пикир

Оставить комментарий