• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Куттуктайбыз! Тыныбекова Италиядагы турнирде алтын медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Италиядагы кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча мелдеште алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунан билдиришти.

Айсулуу Тыныбекова мелдештин финалында россиялык спортчу Любовь Овчарованы 7:2 эсебинде жеңип, алтын медалдын ээси болду.

Италиянын Рим калаасындагы "Matteo Pellicone 2020" мелдешинде Тыныбекова 62 кг чейинки салмакта катышты.

Тыныбекова таймаштын 1/8 финалынан баштап катыша баштаган. Алгачкы атаандашы кытайлык Жиа Лонгду 6:6 (акыркы болуп упай алганы жеңет) эсебинде жеңип алды. Чейрек финалда амеркалык Мэйси Эллен Калтинини 10:0 эсебинде уткан.

Ал эми мелдештин жарым финалында кыргызстандык спортчу дагы бир америкалык Кайла Коллин Мираклдин далысын жерге тийгизип жеңишти камсыздады.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Түркияда 10-12-январда өткөн "Yasar Dogu-2020" мелдешинде алтын медаль жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий