• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Куттуктайбыз! Жөө күлүк Юлия Андреева Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Спорт 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Кыргызстандык жөө күлүк Юлия Андреева Казакстанда өткөн Astana Marathon – 2019 эл аралык марафонунда жеңүүчү аталды. Бул тууралуу аталган мелдештин сайтында жарыяланды.

Марафон Казакстандын Нур-Султан калаасында өткөн.

Андреева маарага 2 саат 28 мүнөт 42 секундда келген. Олимпиадага жолдомо алуу үчүн 2 саат 29 мүнөт 30 секундда чуркап келиш керектелген. Экинчи орунга казакстандык Гульжанат Джанатбек, үчүнчү орунга өзбекстандык Екатерина Тунгускова татыды.

Кыргызстандык жөө күлүк Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына экинчи болуп жолдомо алды. Жалпы көрсөткүчтө Андреева төртүнчү орунга жайгашты.

Буга чейин суучул Денис Петрашов да Олимпиадага жолдомо алган.

Пикир

Оставить комментарий