• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Куттуу эл” биринчи улуттук форумунун “Ош резолюциясы” кабыл алынды

Аймак 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Күн мурун, 19-майда, Ош шаарында “Куттуу эл” биринчи улуттук форуму өттү.

Президенттин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгынын алкагында өткөн “Куттуу эл” биринчи улуттук форумуна мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, белгилүү окумуштуулар, ар кайсы тармактын эксперттери, саясатчылар, ишкерлер, активдүү жаштар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын негизги максаты - кыргыз элинин нарк-насилин кийинки муунга жеткирүү, жаштарды патриоттуулукка чакыруу, өнүккөн заманга улуттук баалуулуктарды, салт-санааны сактоо менен кадам таштоо. Иш-чарада дал ушул темалардын айланасында сөз болуп, аны менен катар мамлекеттик тил, ысырапкорчулук, улуттук адептүүлүк, этностор аралык ынтымак маселелерине да токтолушту.

Иш-чаранын соңунда “Куттуу эл” биринчи улуттук форумунун “Ош резолюциясы” кабыл алынды.

Форумдун иши бүгүн да уланып, Алымбек-Датка этнографиялык комлексинде бир катар көргөзмө-жарманкелер уюштурулуп, улуттук баалуулуктар даңазаланат.

Пикир

Оставить комментарий