• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Куурчак театрынын мурдагы жетекчиси узакка созулган оорудан улам дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Белгилүү актер, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Сатылган Сазаев узакка созулган боор оорусунан улам 57 жашында каза болду. Бул тууралуу Т.Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сазаев бүгүн, 20-мартта түшкө маал көз жумган. Маркум бир топ убакыттан берип боор циррозу илдети менен ооруп жүргөндүгү айтылды.

Сазаев Сатылган Акынович - 1962-жылы 13-майда Талас обласунун Арал айылында жарык дүйнөгө келген.

1980-1982-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1983-1985-жылдары Фрунзедеги театралдык студияда окуган.

1985-1989-жылдары М.С.Щепкин атындагы театралдык жогорку окуу жайын бүтүргөн.

1992-жылдан 2014-жылга чейин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында эмгектенген.

2014-2018-жылдары М.Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрынын директорлук кызматын аркалаган.

Пикир

Оставить комментарий