• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Куурма чай – кубаттандыруучу мүнөз тамак

Дүр дүйнө 0

Куурма чай кыргыздын улуттук ашканасындагы ысык суусундуктардын бири. Азыркы учурда дагы аны жакшы көрүп, даярдап ичкендер бар. Бирок, куурма чай, анын жасалышы жана ден соолукка пайдасы тууралуу билгендер аз.

Куурма чайды жасоо ыкмасы жөнөкөй. Ал унду майга кууруп, ага сүт, суу жана коюу демделген чай кошуп даярдалган мүнөз тамак. Адегенде койдун сызгырылган куйрук же бөйрөк майына, ошондой эле сары майга унду (ун ордуна буудай талканды колдонсо болот) күйгүзбөй, кызарта кууруйт. Адам санына жараша чайнекке чай салып, үстүнө кайнак суу куюп демдейт. Демделген кезде чамасын сузуп, кочкул коюу маңызына сүт же каймак кошуп, куурулган унду чалып, туз татытып, казанга же эмаль идишке кайнатат. Бир аз кайнаган соң оттон чыгарып, таттуу (бал, кант, набат) салып аралаштырат. Ошентип, куурма чай даяр болот.

Белгилей кетсек, куурма чай элдик медицинада кубаттандыруучу мүнөз тамак катары колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий