• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кувакы ашуусунда унаа оодарылып, үч адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Нарын облусунда 10-ноябрда саат 12:40тар чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 170-чакырымында (Кувакы ашуусу) “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун жээгине оодарылып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Кочкор районундагы кырсыктан үч адам (аты-жөнү такталууда) жеңил жаракат алган.

Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий