• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кубакы ашуусунда унаа жардан кулап, эки адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Кубакы ашуусунда унаа жардан кулап, эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Кочкор районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында (Кубакы ашуусу) MAN оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жардан түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши (аты-жөндөрү такталууда) каза болгон.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандардын сөөгү унаадан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий