• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кувейт – Бишкек – Кувейт туруктуу жаңы аба каттамы ачылды

Экономика 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. 2021-жылы 23-июнда Кувейт – Бишкек – Кувейт маршруту боюнча жаңы эл аралык туруктуу аба каттамы ачылды. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, каттам Тышкы иштер министрлиги, Транспорт министрлиги, Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги жана «Манас» аэропортунун бирдиктүү ишинин алкагында ачылган.

«Манас» эл аралык аэропортунда жаңы аба каттамын тосуп алуу салтанатына Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Алмаз Тургунбаев катышты.

Каттамды жумасына 2 ирет – шаршемби жана жекшемби күндөрү «Jazeera Airways» авиакомпаниясы ишке ашырат.

Жаңы каттамдын ачылышы Кыргызстан үчүн учуулардын географиясын кеңейтип, транспорттук, соода-эономикалык, инвестициялык жана туристтик тармакта эки тараптуу кызматташтыкты мындан аркы өнүктүрүүнү шарттайт.

Пикир

Оставить комментарий