• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кувейт инвестициялык долбоорлорду даярдоодо Кыргызстанга көмөк көрсөтөт

Экономика 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Инвестициялык башкармалыгынын башкаруучу директору Ганим Сулейман Аль-Гунейман менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык кызматташтык боюнча маселелерди талкуулоо максатында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Карагулов маектешин кыргыз-кувейт мамилелеринин өнүгүү этаптары менен тааныштырып, 2022-жылдагы соода-экономикалык, кредиттик жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыктары менен бөлүштү.

Элчи ошондой эле соода жүгүртүү көлөмүнүн өскөнүн, Кыргызстанга келген кувейттик туристтердин санынын көбөйгөнүн белгиледи. Мындан тышкары, тараптардын жакынкы келечектеги милдеттери, анын ичинде Эль-Кувейтте экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын даярдоо пландары белгиленди.

Өз кезегинде, Г.Аль-Гунейман Инвестициялык башкармалыктын Кувейттин ички рыногундагы жана эл аралык рыноктордогу ишмердүүлүгү менен тааныштырып, кыргыз тараптын Кувейт менен инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын кубаттады.

Мындан тышкары, ал Кыргызстандын тиешелүү ведомстволору менен кызматташууга, анын ичинде инвестициялык долбоорлорду даярдоодо көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий