• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кувейт Кыргызстан менен түз аба каттамын ачууга кызыктар

Коом 0

Эль-Кувейт, 21.02.19. /Кабар/. Кувейт Кыргызстан менен түз аба каттамын ачууга кызыктар. Бул тууралуу журналисттерге Кувейттин тышкы иштер министринин орун басары Али Сулайман Аль Саид билдирди.

Анын айтымында, алардын тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын тийиштүү органдарына түз аба каттамын ачуу сунушун айткан.

"Бул биздин кызматташуубузду жакшыртмак", - деди ал.

Али Сулайман Аль Саиддин айтымында, аба каттамда Kuwait Airways жана Jazeera Airways өңдүү компаниялар иштеши мүмкүн. Ал, алар жүргүнчү-жүк же жүк ташыган каттамдар болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

"Учурда Кыргызстанга Fly Dubai же Түркия аркылуу учууга болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий