• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кувейт Кыргызстанда биринчи ислам банкын ачышы мүмкүн

Экономика 0

Эль-кувейт, 19.02.19. /Кабар/. Эль-Кувейт шаарында Инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу Кувейт каржы үйүнүн башкармалыгынын жана анын бир уюму болгон "Turkapital" компаниясынын мүчөсү Фаваз Исса менен жолугушту.

Жолугушууга кыргыз тараптан Кыргызстандын Кувейттеги элчилигиндеги кеңешчи Абдулазиз Ботбаев жана "Мол Булак Финанс" компаниясынын башкы директору Бабуржан Төлбаев катышышты.

Анда Кыргызстанда биринчи ислам банкын ачуу маселеси талкууланды. Агенттиктин директору Кыргызстандын банк системасы жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берди. Ошондой эле ал ислам банкын ачуу боюнча презентация жасады.

Фаваз Иссанын айтымында, Кыргызстанда ислам банкын ачуунун келечеги бар. Ошондуктан бүгүнкү күнү Кувейт каржы үйү Кыргызстандын рыногун изилдеп жатат. Банкты ачуу убакытты талап кылган маселе. Башкача айтканда, Кувейт каржы үйү Кыргызстандын каржы рыногуна кирүү маселелерин тыкыр изилдеп чыгышы керек.

Ошондой эле жолугушууда "Мол Булак Финанс" компаниясы "Turkapital" компаниясына чакан каржы компаниясынын ислам эрежелери боюнча каржылоо капиталына үлүш кошуу сунушун киргизди. Фаваз Исса бул маселени карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Маалымат үчүн: Кувейт каржы үйү ислам эрежелеринин негизинде каржылоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий