• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кувейт Кыргызстанга медициналык жабдыктар түрүндө жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Кувейт Кыргызстанга медициналык жабдыктар түрүндө жардам көрсөттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, медициналык жабдыктардан турган гуманитардык жүк бейтаптарды көтөргүч, дем алуу жолдорун тазалоо системасы, керебеттин жанына орнотулуучу монитор, кычкылтек концентратору, функционалдык керебет сыяктуу көптөгөн аппараттарды камтыйт.

Меджабдыктар Кувейттин Эл аралык ислам кайрымдуулук уюму жана “Ас-Салам” фонду тарабынан кайтарымсыз негизде берилди.

Жабдыктарды тапшыруу аземи бүгүн, 17-мартта өтүп, иш-чарага саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков, БУУнун башкы катчысынын кайрымдуулук боюнча атайын кеңешчиси Абдулла Маатук Аль Маатук жана кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү катышты.

Эскерте кетсек, 16 тонналык гуманитардык жүк Кыргызстанга 2022-жылдын 24-декабрында келген.

Пикир

Оставить комментарий