• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Кувейт-Ош-Кувейт» багыты боюнча үзгүлтүксүз жаңы аба каттамы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 28-октябрда «Ош» эл аралык аэропортунда «Кувейт-Ош-Кувейт» багыты боюнча үзгүлтүксүз жаңы аба каттамы ачылды.

Бүгүн «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын «Кувейт-Ош-Кувейт» багыты боюнча биринчи каттамды салтанаттуу тосуп алуу иш чарасы болуп өттү.

Салтка ылайык, Airbus-320 Neo учагын суу аркасы менен тосуп алышты.

Оштон Кувейт шаарына 139 жүргүнчү учууга катталды.

Авиакаттамдар жумасына эки жолу - дуйшөмбү, шаршемби күндөрү аткарылат.

Пикир

Оставить комментарий