• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кувейт университети айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иш-чарасын өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 19.03.19 /Кабар/. Жаз айынын келиши менен өлкөбүздү жашылдандыруу, тегерек-четибизди көрктөндүрүү иши башталганына байланыштуу Эл аралык Кувейт университети да өз салымын кошууга аракет кылды.

Университеттин 20-жылдык мааракесин утурлай ректор, тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушев башында турган университеттин администрациясы демилге көтөрүп, “Жыйырма жылдыкка - 20 иш-чара” программасынын алкагында 16-мартта окуу жайыбыздын тегерегине жүздөгөн түп карагай жана арча көчөттөрүн отургузуу ш-чарасы болуп өттү.

Жашыл арчалар университеттин профессордук-окутуучулар жамаатынын жеке каражатына сатылып алынган.

Университетибиз жаңы жетишкендиктерге ээ болуп, отургузулган арчалар өңдүү узак жылдарга өнүгүп-өсүшүн тилек кылып, иш-чара жыйынтыкталды.

Университеттин 20-жылдык мааракесине утурлай коомдук иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүүчү план ишке ашырыла баштады. Алдыда даг бир нече маанилүү иш-чара конференциялар, кечелер жана белгилүү инсандар, чет элдик өкүлдөр менен кешдешүүлөр өткөрүлмөй болду.

Пикир

Оставить комментарий