• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кувейтте Кыргызстандын кышкы туристтик потенциалын көтөрүүгө арналган иш-чара өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Эл-Кувейт шаарындагы “Ярмук” маданият борборунда “Ала-Тоо фестивалы” жана “Ордо-Сахна” этнографиялык-фольклордук театрдын концерти уюштурулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинен билдиришти.

Концерт Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин демилгеси менен “Дар Аль-Асар Аль-Исламия” маданий уюмдун колдоосунун астында, өлкөнүн кышкы туристтик потенциалын жогорулатуу максатында уюштурулган.

Фестивалдын алкагында кыргыз боз үйү тигилип, Кыргызстанда жашаган сейрек кездешүүчү ак илбирстин бурчу жана ак балдын күркөсү орнотулуп, конокторго кыргыз тамак-аштары тартууланган.

Фестивалдын ачылышында Кыргызстандын Кувейттеги элчиси С.Адамкулова сөз сүйлөп, Кыргызстандын кышкы туристтик мүмкүнчүлүктөрү, экологиялык дипломатия жөнүндө айтып берген. Адамкулова бул жылы эки өлкө дипломатиялык мамилелерди түзгөндүгүнө 25 жыл болгондугун белгилеп, өткөрүлүп жаткан салтанат ал мааракени утурлай уюштурулган иш-чаралардын бири экендигин айтып өткөн.

Фестивалга 300дөн ашык коноктор келип, алардын ичинде туризм тармагында иштеген 80ден ашык кувейттик компаниянын өкүлдөрү болгон. “Кувейт-Ош-Кувейт” түз аба каттамын ачкан “Jazeera Airways” авиакомпаниясынын өкүлдөрү коноктор арасында “Кувейт-Ош-Кувейт” багытындагы эки билетти ойноткон.

Мындан тышкары, фестивалга Кувейтте жашаган мекендештер катышып, иш-чараны өткөрүүгө көмөк көрсөткөн.

Конокторго Кыргызстандан келген “Ордо-Сахна” этнографиялык-фольклордук театрдын концерттик программасы тартууланган. Концерттик программанын алкагында кыргыз улуттук аспаптары тааныштырылган.

Ал иш-чара Кувейттин белгилүү маалыматтык уюмдары тарабынан жергиликтүү маалымат аянтчасында кеңири чагылдырылды.

Өткөрүлгөн фестиваль, 2019-жылдагы Кыргыз-Кувейт дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдык мааракесине карата уюштурулган иш-чаралардын жыйынтыктоочусу болду.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын ар бир мезгилинде өлкөнүн туристтик жана экспорттук потенциалын жайылтуу максатында Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги тарабынан бир катар фестивалдар жана көргөзмөлөр өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий