• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кувейтте Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү көрсөтүлдү - фото

Маданият 0

Эль-Кувейт, 23.02.19. /Кабар/. Кувейттин эң ири соода борбору Avenue Mall'до Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү тааныштырылды.

Иш-чаранын алкагында туристтик операторлордун көргөзмөсү жана чакан концерт уюштурулду. Ал жакка өзүнүн компаниясын жарнама кылуу үчүн Кыргызстандан 6 туристтик фирма келген.

Ошондой эле бул иш-чарага маданият министри Азамат Жаманкулов жана КРнын Кувейттеги элчиси Самаргүл Адамкулова катышышты.

Элчинин айтымында, Кувейтте бир жумадан бери бизнес, маданият жана тарыхка байланыштуу иш-чаралар өтүүдө.

"Бул иш-чара туризмге арналган. Avenue Mall Кувейттеги эң ири соода борбору. Бул жерде Суук Сафар долбоору бар. Башкача айтканда, туризм менен байланышкан фирмалар бир жерге чогултулган. Дүйнөнүн дээрлик баардык авиакомпаниялары бар. Бизге Кыргызстан тууралуу айтып бергиле деген сунуш беришти. Буга чейин башка өлкө, элчиликтер өзүнүн презентациясын жасап келишкен. Биз атайын баардык иш-чараларды бир жумага бириктирдик. Бир эле кезде чакан концерт аркылуу өзүбүздүн маданиятты жана туристтик мүмкүнчүлүгүбүздү көрсөттүк", - деди ал.

Белгилей кетсек, Эль-Кувейт шаарында "Silk road show: Kyrgyzstan-Kuwait" иш-чарасынын алкагында кыргыз-кувейт жумалыгы өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий