• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кувейтте Кыргызстандын ыр-бий концерти өттү - фоторепортаж

Маданият 0

Эль-Кувейт, 22.02.19. /Кабар/. Эль-Кувейт шаарында Кыргызстандын ыр-бий концерти өттү.

Концерт Кувейттин эң ири театрында көрсөтүлдү. Анда Кыргызстандан барган ырчылар, цирк өнөрпоздору, бийчилер өнөрүн тартуулашты.

Ошондой эле иш-чарада улуттук кийимдердин, жасалгаларынын көргөзмөсү уюштурулду. Ага келгендер кыргыз буюмдарын суктануу менен сатып алып жатышты.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов концерт жакшы өткөнүн белгиледи.

"Коноктор үчүн концерт таң каларлык болду. Мода көрсөтүү, цирк өнөрпоздорунун, бийчилердин, артисттерибиздин өнөрү аларды кош көңүл калтырган жок", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий