• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кувейттин эмири, Иорданиянын королу Жээнбековду жана кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттукташты

Президент 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Кувейт мамлекетинин эмири Сахаб аль-Ахмад аль-Джабир аль-Сабах Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Сизди Орозо айт майрамыңыз менен куттуктап жатканыма өтө кубанычтамын. Бул майрам мусулман коомчулугуна тынчтыкты, жакшылыкты жана бакубатчылыкты алып келип, коронавирус пандемиясынын жайылышын токтотуп, ошондой эле мусулмандарды жана бардык адамзатын бул илдеттен сакташын Кудайдан тилеймин.

Сизге бекем ден соолук, өлкөңүзгө жана элиңизге мындан ары гүлдөп-өнүгүүнү каалаймын», — деп белгиленет куттуктоодо.

Ошондой эле Иордания Хашимат Королдугунун Королу Абдулла II Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Иордания Хашимат Королдугунун эли жана Өкмөтү чын дилдеги куттуктоолорун билдирет. Менин эң жакшы каалоо-тилектеримди кабыл алыңыздар, сизге бекем ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми бир тууган элге мындан ары дагы өсүп-өнүгүүнү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий