• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кувейттин ТИМ башчысы май айында иш сапары менен Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Кечээ, 23-мартта Исламабад шаарында өтүп жаткан Ислам кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 48-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Кувейттин тышкы иштер министри Ахмед Насер Аль-Мухаммед Аль Сабахдын жолугушуусу болуп өттү.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешти.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги калыптанган саясий мамилелерди жакынкы келечекте кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө оптимизм менен кароого мүмкүндүк берет. Буга далил катары өлкөлөр ортосундагы түз аба каттамдарынын ишке ашырылып жаткандыгы болуп саналат.

Министр А.Аль Сабах 2021-жылдын ноябрында Глазго шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенция тараптарынын Конференциясынын алкагында КР президенти Садыр Жапаровдун Кувейт Мамлекетинин Премьер-министри Шейх Сабах Аль Сабах менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз тарап 2022-жылы Кувейтте өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги 3-жыйынын өткөрүүгө терең кызыкдар экенин ырастап, соода-инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого чакырды.

Тараптар саясий, соода, инвестициялык, маданий, билим берүү жана башка тармактарда бир катар маанилүү келишимдерди макулдашуу процессин тездетүү жана аларды кол коюуга даярдоо зарылдыгын белгилеп, быйылкы жылы КР президентинин Кувейтке пландаштырылган сапарынын мазмундуу бөлүгүн толтурууну макулдашышты.

Жогорку деңгээлдеги иш сапарды уюштуруунун алдында Руслан Казакбаев жогоруда айтылган маселелер боюнча "убакытты такташуу" үчүн жакынкы аралыкта Кувейтке барууга даяр экенин билдирди.

Ошол эле учурда Аль Сабах быйыл май айында Кыргызстанга келүү ниетин тастыктады. Тараптар ошондой эле тынчтык, конфессиялар аралык ынтымак жана элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүү үчүн жалпы Ислам Үммөтүнүн кызыкчылыктарын коргоо максатында ислам тилектештигин бекемдөө боюнча мындан аркы биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону макулдашышты.

Казакбаев эки мамлекеттин жеке түзүмдөрүнүн ортосунда түз өз ара аракеттенүүнү орнотуу жана өлкөлөр ортосундагы соода алакаларын диверсификациялоо максатында Кыргызстанда эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусунда кыргыз-кувейт бизнес форумун өткөрүүнү сунуштады.

Эл аралык жана регионалдык коопсуздук маселелерине токтолуп, тараптар Украинанын айланасындагы кырдаалды талкуулашты, ал эми кыргыз тарап жаңжалды сүйлөшүү үстөлүндө саясий-дипломатиялык жол менен гана эртерээк жөнгө салууну жактаарын жана ошондой эле кризисти чечүү үчүн ортомчулук кызматын көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий