• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кузнецов Айтматов атындагы орус драма театрынын директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.07.18. /Кабар/. Евгений Кузнецов Чыңгыз Айтматов атындагы орус улуттук драма театрынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов кол койгонун ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаңы жетекчини жалпы жамаатка министрдин орун басары Айнура Султанбаева тааныштырды.

Маалыматка караганда, Кузнецов 42 жашта. Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясында эмгектенип, акыркы учурда өкмөттүн аппаратында иштеп жаткан.

Пикир

Оставить комментарий