• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Квота көбөйдү. Эми 150 кыргызстандык Түркияда акысыз дарыланса болот

Ден соолук 0

Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. Түркияда акысыз дарыланган кыргызстандык бейтаптардын квотасы 150гө көбөйтүлдү. КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, күн мурун Женева шаарында Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 72-сессиясы өткөн.

Анын алкагында КР Саламаттык сактоо министри К.Чолпонбаев жана Түркиянын Саламаттык сактоо министри Ф.Коджа 2014-жылдын 3-июнунда кол коюлган эки өлкө өкмөтүнүн ортосунда Саламаттык сактоо жана медицина илимдери чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга карата кошумча протоколго кол коюшту.

Женевада кол коюлган протоколго ылайык, түрк тарап Түркиянын медицина мекемелеринде жыл сайын акысыз негизде дарылануучу кыргыз жарандарынын санын 100дөн 150гө чейин көбөйтүү боюнча милдеттенмени кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий