• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кычкылтек концентраторлорун жана дарыларды Кыргызстандан чыгарууга аракет кылгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Кычкылтек концентраторлорун жана дарыларды Кыргызстандан чыгарууга аракет кылган үч кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июлда «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пунктунда мамлекеттик чек арадан кычкылтек концентраторлорун жана айрым дары-дармектерди Казакстанга алып өтүүгө аракет кылгандар кармалган.

Транспорт каражатын текшерүү учурунда автоунаанын ичинен 4 комплект кычкылтек концентратору, пульсоксиметр жана КР өкмөтү тарабынан өлкөдөн убактылуу алып чыгууга тыюу салынган дары-дармектер («Ингавирин», «Ксарелто») табылган.

Керектүү документтер чогултулган соң айдоочулар жүк менен чогуу тиешелүү органдын кызматкерлери өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий