• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кычкылтек концентратору жана дары-дармек: Түркия Кыргызстанга гумжардам жөнөтөт

Коом 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Түркия COVID-19 менен күрөштө Кыргызстанга медициналык каражат түрүндө гумжардам жөнөтөт. Бул тууралуу Түркиянын КРдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

"Түркия Республикасы COVID-19га каршы күрөштө кыргыз элине жардам берүүнү улантууда", - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Анын алкагында Түркия Республикасынын өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда төмөндөгүдөй келишим түзүлдү.

Түркия төмөнкү медкаражаттарды Кыргызстанга жөнөтөт:

•жасалма дем алдыруучу аппараты - 20 даана:
•респиратордук беткап (N95) - 50 миң даана:
•хирургиялык маска - 100 миң даана:
•медициналык комбинезон - 35 миң даана:
•жүз коргогуч - 2 миң даана:
•SARS-CoV-2 (2019-nCov) RT-qPCR ПЦР тест - 20 миң даана:
•вирустук нуклеин кислотасын изоляциялоочу комплект (Virus Nucleic Acid Isolation Kit) - 20 миң даана:
•гидроксихлорохин дарысы - 10 миң куту:
•кычкылтек концентратору - 50 даана.

"Аталган грант түрк тарабынын кыргыз тарабына болгон достук жана жакшы ниетинин көрсөткүчү катары ишке ашырылууда. Жардамдар түздөн-түз КРнын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет", - деп кошумчалашты элчиликтен.

Пикир

Оставить комментарий