• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыдайда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 20,4 миңден ашып, 425 адам көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Кытайда тараган коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 20,4 миңден ашып, 425 адам көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ошондой эле 23,2 миңдей дарыгер аталган илдетти жуктуруп алды деп шектелүүдө.

"Ооруканадан 632 адам чыгарылган. Кытайда бир күн ичинде 3,2 миң адам ооруну жуктуруп алган. Каза болгондордун саны 64кө жетти. Ал эми 2,8 миңдей бейтаптын абалы оор деп бааланууда", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Кытайда тараган коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 17 миң 205ке жетип, 361 адам көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий