• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыдырша каналына чөгүп кеткен 20 жаштагы кыз изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Кыдырша каналына чөгүп кеткен 20 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыдырша айылында Кыдырша каналына 2001-жылы туулган А.Ж. аттуу кыз чөгүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу тартылды. Натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 13-июль күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий