• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыдырша каналына чөгүп кеткен кыздын сөөгү Өзбекстандан табылды

Кырсык 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Кыдырша каналына чөгүп кеткен кыздын сөөгү Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-июль күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыдырша айылында Кыдырша каналына 2001-жылы туулган кыз чөгүп кеткен. 15-июль күнү Өзбекстандын Фергана облусунун аймагынан жеригиликтүү тургундар тарабынан маркумдун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий