• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыймылдуу мүлккө карата талап укуктарды каттоо системасы модернизацияланды

Коом 0

Бишкек, 02.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Борбордук күрөө каттоо конторасы Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) колдоосу менен финансы-кредит мекемелерине же башка кызыкдар жактын офисинен чыкпай туруп, өзүнүн кыймылдуу мүлккө карата талап укугун каттатууга жана катталган кыймылдуу мүлккө карата талап укуктары жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк берүүчү Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укугун каттоонун модернизацияланган тутуму он-лайн режиминде ишке киргизилди https://zalog.gov.kg/. Бул тууралуу КР Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул Автоматташтырылган маалымат системасы жалпысынан сыналган жана кабыл алынган, 2017-жылдын 30-июнан баштап 18 айга кепилдик тейлөөгө өткөрүлгөн.

2017–жылдын 27-январынан баштап он-лайн режиминде 22 739 иш-аракеттерди ишке ашырды. Алардын ичинен:

Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо – 10947;

Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугуна өзгөртүүлөрдү киргизүү – 6 211;

Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун токтотуу -48 77;

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен маалымат – 704.

Учурда БККК 33 финансы-кредиттик мекемелердин өкүлдөрү менен Автоматташтырылган маалымат системасына туташуу жөнүндө келишим түздү.

Пикир

Оставить комментарий