• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору тажик тарап барымтага алган кыргызстандыктар кыйноого кабылганын ырастады

Коом 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. Кыйноолорду жана башка адамкерчиликсиз, катаал же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин же жазанын алдын алуу боюнча улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков 29-апрелде тажик тарап барымтага алган кыргызстандыктар менен жолугушуунун жыйынтыгында жабырлануучуларды кыйноо фактысын ырастады.

Стамбул протоколунун процедурасынан өткөн бейтаптар учурда Исфана райондук ооруканасында дарыланышууда.

«7-майда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы болуп өткөн окуя учурунда барымтага алынган кыргызстандыктарга карата Стамбул протоколун толтуруу процедурасын баштаган. Жарандар менен Стамбул протоколунун процедуралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Барымтага алынгандарга карата катаал мамиле кылынып, кыйноого кабылганы тууралуу айта алабыз»,-деди Бакыт Рысбеков.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун толтурулган протоколдору коштоочу кат менен бирге КРнын Башкы прокуратурасына берилет.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Тажикстандын куралдуу агрессиясынын кесепетинен Кыргызстандын 184 жараны жабыркап, 36 адам каза болгон, жалпысынан Баткен облусунун аймагында 136 турак үй, 84 объект өрттөлгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстан тараптан барымтага алынган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий