• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыйраган Боингдеги жүктүн Президентке таандык экендигин айткандар далилдеп берүүгө же жоопкерчиликке тартылууга тийиш - депутат

Коом 0

Бишкек, 9-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. Сокулук районунун Дача-СУ айылында кулаган “Боинг-747” учагындагы жүк Президент Алмазбек Атамбаевге таандык экендигин айткандар далилдерди көрсөтүүгө же жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында КСДп фракциясынын депутаты Марат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, акыркы учурда кыйраган учактын бортундагы жүк А.Атамбаевге таандык деп айтуу менен мамлекет башчынын аброюна шек келтирүү аракети жүрүп жатканына күбө болуп жатабыз. “Бул адамдар төгүнсүз далилдерди көрсөтүп же жалган жалаа үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек. Бул президенттик шайлоолордун алдындагы оюндар экендигин баарыбыз жакшы билебиз. Бирок, адамдардын кайгысынан оюн кылган туура эмес ”, - деди М.Аманкулов.

Ошондой эле депутат көз карандысыздыктын 25 жылы бою өлкөбүз кыйла оор мезгилдерди кечиргенин эске салды. Ошондуктан өлкөдө орногон туруктуулукту бузуу эч нерсеге татыбайт.

Пикир

Оставить комментарий