• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыйылган 1 дарактын ордуна 100 дарак отургузуу милдеттендирилет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 5-июнь /Кабар/. Бүгүн, 5-июнда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында «Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири катары аталган комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров баяндама жасады.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты - өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу. Буга чейинки мораторийдин мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын февраль айында бүтүп отурат. Мыйзам долбоору менен жогорудагы мораторийди дагы узартуу сунушталууда.

Мыйзам долбоорунун 2-окуудагы талкуусунун өзөгүн кыйылган 1 даана өзгөчө баалуу дарактын ордуна 100 даана дарак эгүү маселеси түздү. Жыйынга катышып отурган Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлетик агенттигин өкүлү мындай сунуштка макулдугун айтып, ошол эле маалда отургузула турган 100 даракты кен казууга багытталган геология иштерин жүргүзө турган компаниялар деп тактап жазуу өтүнүчүн билдирди. Айтылган жоопторго ылайык, бул жагдай мыйзам алдындагы актыларга, жоболорго жазыла турган болду. Депутат Дастан Жумабеков кыйылган бир бакка 100 дарак тигүү маселеси жөнөкөй жарандарга тиешеси жоктугун тактады.

Ал эми Өнөржай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин статс-катчысы Айбек Асанов мындай сунуш ишкерлерге оорчулук болуп калбайбы деген кооптонуусун айтып, кыйылган 1 даана өзгөчө баалуу даракка 10 дарак тигүүнү сунуш кылды. Аталган комитеттин төрагасы Айтмамат Кошоев 100 бак тигүү маселеси айрыкча, арча менен жаңгак дарагы жай өсүп, көптө жетиле тургандыгынын улам жана жаңгактын уникалдуулугун эске алуу менен сунушталып жатканын белгиледи.

Жыйынтыгында айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун 2-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунун демилгечилери - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары А. Назаров, М.Бакиров, А.Эргешов, Р.Туманбаева, И.Матраимов, С.Нышанов, А.Токторов.

Пикир

Оставить комментарий