• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Кыйынмын”. Бишкекте аялдарды шыктандырган дубал сүрөтү пайда болду

Коом 0

Бишкек, 27.09.22. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандагы аялдардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү темасына арналган “Кыйынмын” муралы пайда болду.

Осмонкул жана Куренкеев көчөсүндөгү дубал сүрөтүн basicolors арт тобунун сүрөтчүлөрү жараткан.

Сүрөттүн максаты – аялдарды өзүнө ишенүүгө, жашоодогу жана күнүмдүк кыйынчылыктарга карабай кыялдарына карай умтулуусуна шыктандыруу.

Ашканада баласын көтөрүп түшкөн келиндин сүрөтү үй турмушун чагылдырат. Ошондой эле келиндин колунда планшет, алдыңкы планда табигый илимдер китептери жана “кыйынмын” деген жазуусу берилген.

Пикир

Оставить комментарий