• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кылмыш иштерин жоготкондугу үчүн ИИМдин жана прокуратуранын 11 кызматкери жоопкерчиликке тартылды – Коопсуздук кеңеши

Коом 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Бардык прокуратура органдары жана укук коргоо, сот органдары боюнча жоголгон, уурдалган, жок кылынган кылмыш иштеринин инвентаризациясы аягына чыкты.

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдиргендей, кылмыш иштери 60-70-жылдарга тиешелүү. Бирок 90, 2000-жылдардагы жана акыркы кылмыш иштерине басым жасалган.

“Инвентаризация алгачкы жыйынтыктарын берди – укук коргоо органдарынын 11 кызматкери коомдук жана башка резонансы бар кылмыш иштерин жоготкондугу үчүн жоопкерчиликке тартылды. Анын арасында 8 прокуратура органынын кызматкери бар”, - деди Сагынбаев.

Пикир

Оставить комментарий