• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринин иши боюнча кеңешме өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 19.08.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринин (КЖБР) иши боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйынга укук коргоо органдарынын, прокуратура органдарынын жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле өкмөттүн аппаратына караштуу соттук-укуктук реформа мониторинги боюнча эксперттик топтун мүчөлөрү катышкан.

Кеңешмеде Бишкек шаардык ШИИББнин «102» тутумунун алкагында КЖБР Маалымат каттоо журналынын модулун ишке ашыруу маселелери, ошондой эле КЖБР сотко чейинки өндүрүш модулун киргизүү боюнча учурдагы абал талкууланган.

Анын ичинде КЖБР аналитикалык модулун тезинен ишке ашыруу зарылдыгы айтылган.

Мындан тышкары жаза аткаруу жана сот органдарынын аралаш маалымат базасын интеграциялоо маселелери көтөрүлгөн. Аны менен бирге пробация кардарларынын маалымат базасынын, сот органдарынын автоматташтырылган маалыматтык тутумунун учурдагы абалы тууралуу маалымат берилген.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин сотко чейинки өндүрүш модулун программалык камсыздоону иштеп чыгууну аяктоону жана 2019-жылдын 1-октябрынан баштап анын толук кандуу ишин камсыздоону тапшырган.

«Маалымат базасын сапаттуу иштеп чыгууну камсыздоо зарыл. Укук коргоо органдарына, прокуратура органдарына жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментине КЖБР аралаш маалымат базасын ыкчам интеграциялоо үчүн өздөрүнүн жөнгө салынган аракеттерин ишке ашыруулары маанилүү», - деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган тутумдарды белгиленген мөөнөттө иштеп чыгуу жана киргизүү, аларды КЖБРне интеграциялоо тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий