• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү тизмесинде 16 миңден ашык кылмыш жана жорук катталган

Коом 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү тизмесинде 28-январь саат 12:00гө карата 16 миң 278 билдирүү жана кайрылуу катталган. Бул тууралуу соттук-укуктук реформа маселеси боюнча эксперттер менен жолугушууда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтымында, жасалган кылмыштар тууралуу да 11 миң 821 билдирүү келип түшкөн.

"Алардын ичинен 7 миң 200 кылмыш сотко чейин териштирүүдө турат. Алардын үстүндө 521 тергөөчү иштеп, ар бир тергөөчүгө 13,8% жүк жүктөлгөн. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде 664 иш иликтенүүдө. Январдын аягында маалыматтарды карап, алардын канчасы кылмыш, канчасы жорук экенин талдайбыз", - дедиЖамшитов.

Пикир

Оставить комментарий