• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кылмыш жасоого шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.05.21.ж /Кабар/. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшүп, укукка каршы аракеттерди жасоого шектүү катары Талас облусунун Манас районунун жашоочусу 1981-жылы туулган М.З. кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин 2021-жылдын март айында Бишкек шаарынын Ленин РИИБге укукка каршы аракеттер боюнча арыз түшүп, анда жабырлануучуга 3600 АКШ доллары суммасындагы олуттуу чыгым келтирилгени маалымдалган.

Азыркы учурда тергөө жогорудагы укукка каршы аракеттин чоо-жайын аныктоодо.

ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча кармалган жаран М.З. мурда бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий