• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилгендигине байланыштуу судья кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жазык жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна макулдук бергендигине байланыштуу Чуй облусунун Москва райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Марлес Феликс Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан четтетилди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий