• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн 6 кыргызстандык Россияда кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте Кыргызстандын ички иштер органдары издөөгө алган жарандарды Россиянын аймагынан аныктоо боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы убакта өз өлкөсүндө ар кандай кылмыштарды жасап, издөөгө алынган 28 жарандын жүргөн жери аныкталды. Аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат.

КР ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Москва шаарынын аймагынан Кыргызстандын жараны, Чүй облусунун тургуну 1995-жылы туулган Б.Т. кармалды. Аны оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи издөөгө алган. 2016-жылдын жазында КР Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 168-беренесинин 2-бөлүмүндө (“Каракчылык”) көрсөтүлгөн кылмыш курамы боюнча кылмыш иши козголгон.

Түнкү маалда белгисиз адамдар Бишкек шаарынын 7-кичирайонундагы батирлердин бирине кирип келип, күч колдонушуп, 2 миң АКШ даллары менен 80 миң сом акча каражатын, уюлдук телефонун жана зер буюмдарын алып кетишкен.

Бул кылмыш ишин жасоого шектелип 1995-жылы туулган Б.Т. жана дагы бир шериктеши кармалган. Бир нече айдан кийин сот алардын бөгөт чарасын үй камагына өзгөрткөн. Башында алар эч себепсиз соттук отурумдарга келишкен эмес, андан соң изин жашырып качып кетишкен.

Ошондой эле, баңгизатты мыйзамсыз сатууга шектелип Ош ШИИБи издөөгө алган Ош облусунун тургуну 1987-жылы туулган Б.О. кармалды. 2019-жылдын жазында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатты сатуу менен алектенген топту 4 килограмм гашиш менен укук коргоо органдары кармашкан. Кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири Б.О. изин жашырып кетүүгө үлгүргөн. Жакында жаран Б.О. Россиянын аймагында кармалды.

Жалал-Абад облусунун тургуну 1980-жылы туулган А.Н. (аял киши) КР Жазык кодексинин 159-беренесинде (“Жасалма документ”) көрсөтүлгөн кылмыш курамы боюнча 2020-жылдын ноябрь айында жергиликтүү ички иштер бөлүмү издөөгө алган.

Ош облусунун тургуну 1969-жылы туулган Ж.А. кармалды. Ал Бишкек шаарынын Ленин РИИБи тарабынан 1994-жылы Кыргыз ССРнин Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 88-беренеси (“Мамлекеттик жана коомдук мүлктү уурдоо”) боюнча козголгон кылмыш иши менен издөөдө жүргөн.

Мамлекеттик издөөдө жүргөн КР жараны, Чүй облусунун тургуну 1995-жылы туулган С.Ж. кармалды. Аны Токмок шаардык ички иштер бөлүмү КР Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин 2-бөлүмүндө (“Олуттуу өлчөмдө жасалган уурулук”) көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасагандыгы үчүн издөөгө алган.

Россиянын аймагынан Чүй облусунун тургуну, 1959-жылы туулган Р.Б. кармалды. Ал Чүй облусунун Сокулук РИИБи тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (“Олуттуу өлчөмдө жасалган алдамчылык”) көрсөтүлгөн кылмыш белгиси менен 2011-жылы козголгон кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн.

"Жогорудагы фактылар боюнча издөөгө алган тараптар маалымдалды. Азыркы учурда аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн КРнын компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнө кармалган жарандарды өткөрүп берүү жөнүндө маселелер чечилүүдө",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий