• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмеси бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 25.06.18. /Кабар/. Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмеси бекитилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аталган чечим мыйзам астындагы актыларды Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жаңы редакциясынын талабына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.

Көрсөтүлгөн тизме ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан, анын курамына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тар чөйрөдөгү адистери кирген.

Белгилесек, аталган токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмеси менен бул шилтемеден таанышууга болот: http://www.gov.kg/?p=119114&lang=ru

Пикир

Оставить комментарий