• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кылмышка шектелип Россияда из жашырып жүргөн жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.04.18 /Кабар/. КР ИИМдин Россия Федерациясынын Өкүлчүлүгүнүн кийлигишүүсү менен тергөөдөн жана соттон изин жашырып Россиянын аймагында качып жүргөн жарандарды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жакында, Россиянын ИИМнин Москва шаарындагы Преображенский району боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун 1986-жылы туулган Т.Б. аттуу жашоочусунун кайда жүргөндүгү аныкталып, кармалган.

Ал Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмүндө (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасагандагы үчүн Жалал-Абад ШИИБи тарабынан издөөгө алынган. 2018-жылдын 14-апрель күнү 1986-жылы туулган Т.Б. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

2018-жылдын 11-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясынын Өкүлчүлүгүнүн кийлигишүүсү менен Россиянын ИИМнин Ленинград облусундагы Всеволожский району боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшкөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Жайыл районунун 1993-жылы туулган М. уулу Т. аттуу тургунунун кайда жашагандыгы аныкталып, ушул эле күнү кармалган.

Жогоруда аталган жаран Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренесинин (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, Жайыл РИИБи тарабынан издөө салынган. Кылмыш иши 2017-жылдын декабрь айында козголгон. Ал эми издөө салган тарапка маалымат жөнөтүлдү.

Кармалган жарандарды Минск конфенциясына ылайык өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча маселелер чечилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий