• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри: 10 айда 126 миңдеш ашуун кылмыш жана жоруктар катталды

Коом 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. 2019-жылдын 10 айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 126 миңден ашуун кылмыш жана жоруктар катталган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР ички иштер министринин орун басар Памирбек Асанов билдирди.

Анын маалыматына караганда, Тергөө кызматы жазык иштери боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 126 744 кылмыш жана жоруктар катталган. Анын ичинен 64 миң 737 - кылмыштар жана 62 миң 37 - жоруктар. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине караганда Кылмыштарды каттоо китебине 102 миң 167 жарандардын арыздары жана кайрылуулары катталган. Тактап айтканда, 2019-жылы 24 миң 607 сотко чейинки өңдүррүш катталган, бул 24% түзөт.

"Белгилей кетүүчү нерсе, жаңы Кодекстердин иштеп баштоосу менен бардык кылмыштар жана жоруктар боюнча арыздар, кайрылуулар 24 сааттын ичинде Кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат системасына козгоодон баш тартуу институту жокко чыгарылган", - деп билдирди Асанов.

Пикир

Оставить комментарий